Ливиянын борбору Триполиде катуу кагылышуулар башталды. Ал жакта жайгашкан Улуттук ынтымак өкмөтүнүн ИИМи жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.
«Ички иштер министрлиги Триполинин бардык жашоочуларын өз коопсуздугу үчүн үйлөрүндө болууга жана көчөгө чыкпоого чакырат. Учурда 444-аскердик бригадасы менен Мисурат бригадасы колдогон коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо кызматынын ортосунда кагылышуулар уланып жатат»,-деп билдирди министрлик. Маалыматка ылайык, кагылышуулар коопсуздук кызматынын башчысы Абдельгани аль-Киклинин өлтүрүлүшүнөн кийин тутанган.
Ливиянын борборундагы тез жардам кызматы өзгөчө даярдык режимине өттү. Триполинин тургундарына «коопсуздук абалынын курчушуна байланыштуу үйдө болуу жана терезелерден алыс туруу эскертилди.
Ливиянын борборундагы Митига эл аралык аэропорту кагылышууларга байланыштуу ишин токтотту.
