Өлкөдө “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Аталган ишкана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу болот. Ал күйүүчү-майлоочу материалдарга ички суроо-талапты канааттандыруу максатында түзүлөт.
“Кыргыз мунай компаниясы” жакында юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.