Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Франция менен Германия Украинага Россия менен кагылышууга даярданууга жардам бергенин билдирди. Анын айтымында, Минск келишимдери бул өлкөлөргө Киевди Донбасста согуш жүргүзүү үчүн керектүү курал-жарак менен камсыздоого убакыт утуп алуу үчүн керек болгон.
«Бүгүн ошол эле мамлекеттер 30 күндүк ок атышууну токтотууну көздөп жатышат. Максат Киевге аскердик мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирип, Россия менен каршылыкты улантуу үчүн дем алууга шарт түзүү»,-деди Захарова.
