Дональд Трамп Сауд Арабиясына келди

Дональд Трамп Сауд Арабиясына келди

АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы иш сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарына келди. Аны Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд тосуп алды.
Трамп түшкөн учакты  Сауд Аравиясынын аба мейкиндигинде F-15 үлгүсүндөгү аскердик учактар коштоп учту. Бүгүн өлкөдө АКШ менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин саммити өтөт.
14-майда АКШнын президенти Катарга, ал эми 15-майда Бириккен Араб Эмираттарына бара турганы күтүлүүдө. Бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү башталгандан берки алгачкы узак мөөнөттүү чет өлкөлүк иш сапары болуп саналат.
Америкалык президенттин бул турнеси Вашингтон менен араб өлкөлөрүнүн борборлорунун ортосунда инвестициялык келишимдерди түзүүгө, ошондой эле АКШнын жаңы бажы саясатынын шартында соода маселелерине арналары күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда Дональд Трамп Перс булуңундагы өлкөлөр менен 1 триллион долларлык келишимге кол коюуну көздөп жатат.