БУУ Украинанын айланасындагы демилгелерди кубаттайт

БУУ Украинанын айланасындагы демилгелерди кубаттайт

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы ок атууну токтотуу жана Москва менен Киевдин мүмкүн болгон түз сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу демилгелерди кубануу менен кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
“Биз бул боюнча эмне болушу мүмкүн экенин тактоо үчүн дагы эле кошумча маалымат алууга аракет кылуудабыз. Албетте, Украинада 30 күндүк ок атууну токтотуу жана Россия менен Украинанын мүмкүн болгон түз сүйлөшүүлөрү боюнча акыркы демилгелерди кубаттайбыз”,-деп баса белгиледи ал.
15-майда Россия менен Украинанын өкүлдөрү жолугуша турган  Стамбулга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш барабы деген журналисттердин суроосуна Стефан Дюжаррик  “Баш катчынын колу бош эмес экенин билебиз. Эмне болорун көрөбүз”,-деп жооп берди.