Балдар, кыздарын ишке жайгаштырган депутаттар

Балдар, кыздарын ишке жайгаштырган депутаттар

Депутаттар баласын же, кызын башка депутаттарга каттатып койгону боюнча  азырынча эч ким түшүндүрмө бере элек. Бирок, депутаттардын мындай жашыруун схемасы ачыкка чыккандан бери

коомчулук  нааразычылыгын билдирип, депутаттарды да териштирүү керектигин айтышууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун аялы “Ыйман Нуру” фракциясынын төрайымы Динара Ашимованын,  ал эми анын уулу Султанбай Айжигитовдун жардамчысы экени ашкере болгондон кийин эле,  кээ бир жарандар депутаттар Винера Раимбачаева менен Айсара Абдибаева кыздарын бири-биринин жардамчысы катары каттатып койгонун билдирип чыгышты.

Тизме мындан дагы уланаары болжолдонуп жатат. Жогорку Кеңештеги тууганчыл схемага качан чекит коюлаары азырынча белгисиз.