Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Атаханов Авазбек Койлубаевич Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызмат ордунан бошотулду.

Эске салсак, Авазбек Атаханов 2024-жылдын сентябрында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин бир жыл тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.