Бүгүн, 12-майда Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын жумалыгы башталды.
Эрте менен Тоголок Молдо паркында анын эстелигин орнотуу үчүн таш коюу расмиси өтүп, андан кийин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинде Бишкек шаарындагы китепканалардын район аралык сынагы башталат.
13-майда эрте менен Иван Панфилов эстелигинин алдында аны эскерүү реквиеми уюштурулат. Түштөн кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Мезгил кайрыктары” адабий-музыкалык иш-чарасы болот.
14-майда Улуттук тарых музейинде
илимий-практикалык конференция өтөт.
15-майда Ала-Арча көрүстөнүндө анын бейитинде куран окутулат. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында театрлаштырылган адабий-музыкалык мааракелик салтанат өтөт. Ошол эле күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада китеп жана сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
16-майда Алтын Ордо конушундагы №98 жалпы билим берүү мектебине Сооронбай Жусуевдин атын ыйгаруу боюнча салтанат өтөт.
Кыргыз Эл
акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуев 1925-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган.
1943-1945-жылдары Панфилов атындагы 8- гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн.