Министрлер кабинетинин терагасы Адылбек Касымалиевдин кол койгон токтомуна ылайык, “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-абзацы күчүн жоготту.
Тактап айтканда, өлкөбүзгө цементти импорттоого коюлган чектөө алынып салынды.
31-мартта айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө 6 ай мөөнөт менен тыюу салынган эле.