Эми Орусия мигранттарды бекер дарылайт. Орус өкмөтү мигранттарга тез жардам көрсөтүү боюнча эрежеге өзгөртүү киргизип, документке өкмөт башчы Михаил Мишустин кол койду.
Документ 2031-жылга чейин күчүндө болот.
Эгер мигрант өзгөчө кырдаал абалына туш болсо, же, ууланса, дене мүчөсүндө сынык аныкталса, мындай учурда мигранттын паспорту жана камсыздандыруу боюнча документи талап кылынбайт. Ал эми башка учурлар боюнча мурдагы эреже сакталып кала берет.