Кой-Таш окуясы боюнча сот жылды

Кой-Таш окуясы боюнча сот жылды

Прокурор Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаевге 11 жыл, Фарид Ниязовго 10 жыл, Канат Сагынбаевге 11 жыл жана Равшан Жээнбековго 10 жыл сурап жатканын саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, сот бүгүн, 12-майда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Бирок, белгисиз себептер менен жылган.
“Бул маалыматты атайылап, журналисттер жана тарых үчүн айтып жатам. Чыныгы күнөөлүлөр Кашкар Жунушалиев Орозбек Опумбаев жана Сооронбай Жээнбековдор эркиндикте жүрүшөт. Алар Алмазбек Атамбаевдин үйүн мыйзамсыз басып кирип, чыныгы курал жарак менен барышкан. Бул кишилер бүгүн эркиндикте. Ал эми ошол учурда эл менен милицияны кагыштырбай, Альфанын кызматкерлерин баш ийбеген жаш балдарга сабатпай аман-эсен алып чыгып берген биз, соттолуу алдында турабыз”,- деди Равшан Жээнбеков.