Индия Пакистан менен сүйлөшүүлөрдү болгону аскердик деңгээлде жүргүзөт. Саясий байланыштар болбойт. Бул тууралуу Hindustan Times гезити жазды.
“Биз башынан эле Индия менен Пакистан ортосундагы жападан-жалгыз сүйлөшүүлөр — бул аскердик операциялардын командачыларынын түз байланыштары болот деген позицияны карманып келебиз. Эч кандай саясий сүйлөшүүлөр болбойт”,-дешти булактар. Алар индиялык премьер-министрдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ажит Довал жана тышкы иштер министри Субраманйам Жайшанкар менен алардын пакистандык кесиптештеринин ортосунда эч кандай байланыш болбогонун белгилешти.
Индия Пакистанды Кашмирдеги “мыйзамсыз оккупацияланган” аймактарды кайтарып бериши керек деп эсептейт жана бул маселе боюнча ортомчусуз гана сүйлөшүүгө даяр.
Индия менен Пакистан ортосундагы мамилелер 22-апрелде, 26 адамдын өмүрүн алган Пахалгамдагы теракттан кийин кескин начарлады. Тараптар аба мейкиндигин жаап, келишимдерди токтотту.
7-майга караган түнү Индиянын Куралдуу күчтөрү Пакистандын аймагындагы террористтердин базаларына сокку ура баштады. Бул операцияга “Синдур” деген аталыш берилди. Жооп катары Пакистандын өкмөтү “Банйан уль-Марсус” аттуу кеңири масштабдуу аскердик операцияны баштады. 10-майда Нью-Дели менен Исламабад ок атышпоону макулдашты. Аскерлердин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында тараптар кургактыкта, абада жана деңизде бардык аскердик аракеттерди токтотууга макул болушту. Бирок бул макулдашуудан бир нече саат өткөн соң, Жамму жана Кашмирдеги жана Пенджабдагы айрым шаарларда дрондор байкалып, абадан коргонуу системалары ишке кирип, электр жарыгы өчүрүлдү. Индиялык аскерлердин маалыматына ылайык, өткөн түнү Индия менен Пакистандын ортосундагы көзөмөл сызыгы жана эл аралык чек ара тынч өттү.
