Индия Пакистанга сууну кайтарды

Индия Пакистанга сууну кайтарды

Индия Ченаб дарыясындагы Баглихар суу сактагычындагы бир шлюзду ачты, деп маалымдайт The Economic Times. Бул дарыя Инд дарыясынын бассейнине кирет жана Пакистанга агып өтөт.
Плотина 4-майда Индия менен Пакистандын ортосундагы Кашмир маселеси боюнча чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу жабылган.
1960-жылы кабыл алынган Инд дарыясын бөлүштүрүү боюнча келишимге ылайык, Ченаб Пакистанга таандык болуп саналат. Бирок соңку чыңалууга байланыштуу Индия бул келишимдин аткарылышын токтоткон. Ченаб дарыясы Гималай тоолорунан, Индиянын аймагынан башталып, негизинен Пакистандын аймагынан агып өтөт.
Исламабад Дели тараптан Инд дарыясынын агымын токтотуу аракетин согуш актысы катары кабыл ала турганын билдирген. Пакистандын айыл чарбасы менен энергетикасы суу ресурстарынын туруктуулугуна абдан көз каранды.