Елисей сарайы Киевден чыгып бараткан поезддеги видеоролик боюнча түшүндүрмө берди. Анда Франциянын президенти Эммануэль Макрон столдон кандайдыр бир түйүнчөктү алып жаткан көрүнөт.
Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар Макрон баңги зат салынган таңгакты жашырып жатат деп болжолдошкон.
Жарыяланган видеокадрларда поезддин купесинде Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Франциянын президенти Макрон, Улуу Британиянын жана Польшанын премьер-министрлери Кир Стармер менен Дональд Туск чогуу отурушат. Алар Киевде жыйындан кийин кетип бара жаткан.
Видеодо Макрондун алдында ак түстөгү бир нерсе, ал эми Мерцтин алдында түтүкчө сыяктуу нерсе көрүнөт. Камераны байкагандан кийин Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери бул буюмдарды дароо жашырып коюшкан.
Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул видеого комментарий берип, Европа лидерлерин баңги зат колдонгон деп айыптады.
Елисей сарайы билдиргендей, Франциянын президенти жөн гана кагаз майлыкты столдон алып койгон. Ал эми баңги зат тууралуу божомолдорду «Франциянын душмандары тарабынан тараган жалган маалымат» деп атады.
«Европанын биримдиги айрымдарга жакпай калганда, дезинформация ушунчалык деңгээлге жетет – жөнөкөй кездеме баңги заттай көрүнүп калат. Бул жалган маалыматтарды Франциянын душмандары – сырттан да, ичинен да таратып жатышат. Биз манипуляцияларга карата дайыма сак болууга тийишпиз»,-деп айтылат Елисей сарайынын Х платформасындагы билдирүүсүндө.
