Баткенде аскер кызматкери кармалды

Баткенде аскер кызматкери кармалды

Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды.

Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн КР Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.