Жогорку Рада АКШ менен минералдык ресурстар боюнча келишимди ратификациялады

Жогорку Рада АКШ менен минералдык ресурстар боюнча келишимди ратификациялады

Украина парламенти АКШ менен түзүлгөн минералдык ресурстар боюнча келишимди ратификациялады. Бул үчүн 338 депутат добуш берди. Каршылар жок болду.  Тогуз депутат добуш берүүгө катышкан жок.
Парламент Украина менен АКШ ортосунда түзүлгөн түз келишимди ратификациялады. Мындан тышкары эки кошумча техникалык келишим бар. Аларга тараптар кийин кол коюшат. Парламент аларды ратификациялоого тийиш эмес.
Келишимде “америка-украин инвестициялык калыбына келтирүү фондун” түзүү каралган.  Бул фонд АКШ инвесторлоруна Украинадагы табигый ресурстарды иштетүүгө уруксат жана алардын экспорту боюнча кирешени алууга укук берет.
АКШнын компанияларында украин жер астындагы кендерге артыкчылык берүү жөнүндө келишим бир нече айдан бери талкууланууда. Алгач, Украинанын президенти Владимир Зеленский келишимге 2025-жылдын февралында Вашингтондо кол коёру  күтүлгөн. Бирок, Ак үйдөгү талаш-тартыштан кийин украин делегациясы АКШдан чыгып кеткен.