Жаңы Рим папасы болуп америкалык Роберт Прево шайланды

Жаңы Рим папасы болуп америкалык Роберт Прево шайланды

Америкалык кардинал Роберт Прево жаңы Рим католик чиркөөсүнүн башчысы болду. Ал Лев XIV деген ысым алды. 267-папа болуп, Ыйык Петрдин тактысына отурган биринчи америкалык катары тарыхка кирди.
Роберт Прево 7-майда кечинде башталган жана 8-майда кечинде аяктаган Сикстин капелласында өткөн конклавда шайланган.
Роберт Прево 69 жашта. Чикагодо туулган. Ал Августин орденинин семинариясында окууну баштаган. Узак убакыт бою Түштүк Американы миссионер катары кыдырып жүргөн. Ал математикалык илимдер боюнча бакалавр жана диний илимдер боюнча магистр даражаларына ээ. Папа Францискдин реформаларын колдогон катары белгилүү.
9-майда, Лев XIV Сикстин капелласында кардиналдар жыйынга чогулат. Ал эми жекшемби, 11-майда жаңы шайланган понтифик салттуу насаат менен жамаатка кайрылат.
Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы шайланган башчысы Лев XIV Рим папасы катары алгачкы жолу ЖМК өкүлдөрүн кабыл алат. Иш-чара 12-майда Ватикандагы Павел VI залында өтөт.