Бүгүн Бишкекте «Өчпөс полк»  акциясы өтөт

 Бүгүн Бишкекте «Өчпөс полк»  акциясы өтөт

Бүгүн,  9-майда «Өлбөс полк» акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жүрүштүн багыты  жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт.

Буга чейин колонна Байтик баатыр — Абрахманов көчөлөрү аркылуу жүрчү. Акцияга катышуучулар Дайыр Асанов атындагы паркта саат 8:00дө чогулуп, жүрүш саат 9:00дө башталат. Катышуучулардын баары Жеңиш аянтына 11:00гө келип калышы керек.