АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдагы жаңы элчинин ант берүү аземинде сүйлөп жатып, Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмге каршы жеңиште Америка Кошмо Штаттары «башкы күч» болгонун айтты.
«Эртең Россия үчүн чоң күн. Айтмакчы, алар миллиондогон адамдарын жоготушту жана чечүүчү роль ойногон. Бирок, биздей чечүүчү фактор болгон эмес. Биз согушту уттук, башкалардын жардамы менен. Баары майрамдап жатышат, бирок бизден башкасы»,-деди АКШ президенти.
Трамп буга чейин 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялаган прокламацияга кол коюп, америкалыктарды нацисттик режимге каршы күрөштө курман болгон 250 миңден ашуун америкалык жоокерлердин элесин эскерүүгө чакырган. Анын айтымында, америкалык жоокерлердин курмандыктары болбосо, согуштун жыйынтыгы башкача болмок.
АКШ президенти буга чейин да Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти Америкага таандык кылып келген. Ал 2-майда өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндө АКШ эки дүйнөлүк согушта тең «чоң салым кошконун» жазган.
