Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индия менен Пакистандагы абал турукташмайынча мекендештерге ал жактарга барбай турууну сунуштады.
Ал эми учурда эки мамлекетте жүргөн мекендештерди этият болуп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарууну суранат.
«Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген», — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаал жаралса, кыргызстандыктар төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
КРдин Индиядагы элчилиги — +91 9599921779;
КРдин Пакистандагы элчилиги — +92330 3717 771.