Пакистандык полиция кызматкерлери Индия менен чек арага жакын жайгашкан Лахор шаарындагы аэропорттун жанында бир катар жарылуулар болгонун билдирди.
Уилтон аэропортунун жанындагы жарылуулар бейшемби күнү, 8-майда эртең менен эрте болгон.
«Адамдар дүрбөлөңгө түшүп үйлөрүнөн чуркап чыгып, асманга көтөрүлгөн түтүндөрдү көргөнүн айтышты»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, полиция кызматкерлери индиялык учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн да билдирди.
«5–6 фут узундуктагы дрон чек аранын ары жагынан башкарылып турган. Ал башкаруу системасын үзгүлтүккө учуратуу жолу менен атып түшүрүлгөн»,-деп билдиришти булактар.
Алардын айтымында, дрон жашыруун объекттерди көзөмөлдөө үчүн учурулган жана өзүндө жарылуучу зат алып жүргөн.
Индия бул айыптоолорго азырынча расмий жооп кайтара элек.
7-майга караган түнү Индия Пакистанга сокку урган. Исламабад бул окуяны согуш актысы деп атап, жооп иретинде сокку урган. Эки тараптан тең жай тургундар каза болгондугу кабарланган.
Индиялык тарап бул чабуулду түшүндүрүп жатып, Нью-Дели Пакистанга каршы “Синдур” операциясын баштаганга чейин эле индиялык чалгын кызматы 22-апрелде Пахалгам туристтик шаарында 26 адамдын өмүрүн алган теракт сыяктуу дагы бир нече чабуулдар даярдалып жаткандыгы тууралуу так маалыматка ээ болгонун айткан.
Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу апрель айында Кашмирдин индиялык бөлүгүндө куралчан адамдар туристтерге ок ачкан учурда башталган. Анда 20дан ашуун адам көз жумган.
Бул окуядан кийин Индия Пакистанга карата дипломатиялык жана виза чектөөлөрүн күчөткөнүн жарыялап, 1960-жылдагы Инд дарыясы боюнча келишимди токтотобуз деп коркуткан. Жооп катары Пакистандын өкмөтү Индиянын суу агымын токтотуу же багытын өзгөртүү аракетин “согуш актысы” катары карай турганын билдирген.
