Жеңиш күнүнө карата кайсы дүйнөлүк лидерлер Москвага келишти

Жеңиш күнүнө карата кайсы дүйнөлүк лидерлер Москвага келишти

Москвага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого дүйнөлүк лидерлер келе башташты. Азербайжан менен Лаостун президенттери Ильхам Алиев жана Тхонглун Сисулит  парадка катышпайт. Биринчиси өлкөсүндөгү ички маселелерге байланыштуу келбей калды. Экинчиси болсо COVID менен ооруп калган. Ошентип, Жеңиш парадына 29 мамлекет башчысынын ордуна 27си гана катышат.
Москвага кимдер келди?
6-майда Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Канель Жеңиш күнүн майрамдоого арналган расмий иш сапары менен Москвага келди.
7-майда Жеңиш күнү боюнча салтанаттарга катышуу үчүн Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Россияга учуп келди.
Анын артынан Венесуэланын президенти Николас Мадуро отурган учак Москвага конду.
Ошол эле күнү Конго Республикасынын президенти Дени Сассу-Нгессо да Россиянын борборуна келди.
Мындан тышкары, Мьянманын премьер-министри Мин Аун Хлайн дагы келгендердин катарында.
Сербиянын президенти Александр Вучич дагы Россиянын борборуна жетти. Анын учагы жолдо Бакуга конууга аргасыз болду. Айрым маалыматтарга караганда, бул күйүүчү май куюу зарылдыгынан, ал эми башка версия боюнча  абадан коргонуу системалары иштеп жатканына байланыштуу коопсуздук максатында болгон.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин да Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага келди.
Анын артынан Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва келди.
Экваториалдык Гвинеянын президенти Теодоро Обианг Нгема Мбасого да Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага учуп келди.
Эфиопиянын президенти Тайе Ацке Селассие 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москвага келди.