Россиянын президенти Владимир Путин жарыялаган Украина менен тынчтык келишими Жеңиштин 80 жылдыгына карата башталды.
Путин буга чейин 7-майдан 8-майга караган түнү саат 00:00дөн тарта 10-майдан 11-майга караган түнкү саат 00:00гө чейин ок атууну токтотуу боюнча буйрук берген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сунушту четке какты. Киевде үч күндүк тынчтык эч кандай мааниге ээ эмес деп, согуштук аракеттерди 30 күнгө токтотууну талап кылышты.
20-апрелде Пасха майрамына карата Путин 30 сааттык ок атышууну токтотуу ниетин да билдирген эле.
