Германиядан, Чехиядан, Словакиядан жана Кипрден беш европарламентарий Жеңиштин 80 жылдыгына карата Москвага келүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы маалымдады. Делегациянын курамына Германиядагы популисттик «Сара Вагенкнехт союзу» партиясынан саясатчылар Рут Фирмених жана Михаэль фон дер Шуленбург кирет. Калган депутаттардын ысымдары аталган жок.
«Ал Москвага барып, 80 жылдыкка карата “Дайынсыз жоокер” монументине гүлчамбар коюу үчүн барат. Бул жерде сынга алынчудай эч нерсе көрбөйм»,-деп билдирди партиянын лидери Сара Вагенкнехт анын сапарын тастыктап.
Der Spiegel басылмасы маалымдагандай, депутаттар бул сапары менен Европада улам күчөп жаткан каршылашууну жеңүүгө салым кошууну каалашат. Москвадагы сапардан кийин алар Киевге барары күтүлүүдө.
