Бүгүн, 8-майда, КР президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Ала-Тоо борбордук аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, өчпөс отко гүлчамбар коюу, салтанаттуу парад УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар, социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлөт.
Түз эфирдин башталышы — 9:30.
Эске салсак, Кыргызстан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан маалыматына ылайык, парадка катышуучуларынын жалпы саны 3 миңге жакын адамды түзөт.
120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация көрсөтүлөт. Жеңиш парадынын техникалык бөлүгүндө республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган эң заманбап техникалар коюлмакчы.