Бишкек мэриясы  9-майдагы «Өчпөс полк» өтө турган маршрутту жарыялады

Бишкек мэриясы  9-майдагы «Өчпөс полк» өтө турган маршрутту жарыялады

Эртең,  9-майда «Өлбөс полк» акциясынын багыты  өзгөртүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүрүш жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт.

Буга чейин колонна Байтик баатыр — Абрахманов көчөлөрү аркылуу жүрчү. Акцияга катышуучулар Дайыр Асанов атындагы паркта саат 8:00дө чогулуп, жүрүш саат 9:00дө башталат. Катышуучулардын баары Жеңиш аянтына 11:00гө келип калышы керек.