Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө.
Алгач президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Жеңиш аянтында митинг-реквиемге катышты. Анда мамлекет башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкандарды бир мүнөт эскерди.
Мамлекет башчысы Ала-Тоо борбордук аянтындагы майрамдык куттуктоо сөзүнөн кийин учурда Бишкек гарнизонунун аскердик парады өтүүдө.