29-апрелден баштап, ажылык маалында Мекке менен Мединага зыярат кылуу үчүн атайын уруксат талап кылынат. Сауд Аравиясынын мамлекеттик органдарынын билдирүүсүнө ылайык, ыйык жерлерге кирүү ажылык визасынын негизинде гана мүмкүн болот. Бул чектөө 10-июнга чейин уланат.
Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй айыптар караларын билдирди.
Ажылыкка уруксаты жок ыйык жайга барууга аракет кылгандар же көрсөтүлгөн мөөнөттө туристтик же башка виза менен Меккеге баргандар 20 миң риалга чейин же 5300 доллардын тегереги айып төлөшөт.
Ажылык уруксаты жок ажылык визасын алуу үчүн жалган маалымат бергендер же чектөө мезгилинде Меккеде жана ыйык жерлерде болгон жарандар 26 миң долларга жакын айыпка жыгылышат.
Мыйзамсыз түрдө ажылыкка барууга аракет кылгандар же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо өлкөдөн чыгарылып, 10 жылга чейин Сауд Аравиясына кирүүгө тыюу салынат.
Соттун чечими менен ажылык уруксаты жок адамдарды ташыган автоунаалар конфискацияланат.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мындай чаралар өлкөдө тартипти жана коопсуздукту камсыздап, расмий түрдө ажылык кылып жаткан зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
