Ректор кызматтан кетти

Ректор кызматтан кетти

Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.

УКМК 10-апрель күнү БатМУнун жетекчилиги контракттардын каражатын ыйгарып алуу боюнча кылмыш иши аныкталганын, мындан улам кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Өткөн жума депутат Камила Талиева ректорду 3 млн сом боюнча айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылган эле.

Маалыматта айтылгандай, каржы министрлигинин аудиторлору текшерүү жүргүзүп, 17 млн 322 миң 500 сомдук жетишпестик аныктаган. 2020-2024-жылдары студенттер төккөн 17 млн 322 миң 500 сом контрактын акчасы БатМУнун кассасына түшкөн эмес деп жыйынтык чыгарган.