Эртең, 1-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15 күндүз +23…+28
Таласта түнкүсүн +8…+13 күндүз +19…+24
Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17 күндүз +23…+28
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17 күндүз +23…+28
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11 күндүз +19…+24
Нарында түнкүсүн +3…+8 күндүз +19…+24
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +24… +26° болот.