Экс-депутат жана анын жубайы тергөөгө чакыртылды

Экс-депутат жана анын жубайы тергөөгө чакыртылды

Өткөн айда мандатынан ажыраган Султанбай Айжигитов УКМКга тергөөгө чакыртылды.

Кечээ социалдык тармактарда УКМК кызматкеринин экс-депутаттын үйүнө келген видеосу тарады. Анда УКМК кызматкери Султанбай Айжигитов менен анын жубайын  тергөөгө чакырганын көрүүгө болот.  Султанбай Айжигитовдун жубайынын Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына орноштурууга байланыштуу Кылмыш кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча иш тергелип жатканы белгилүү болду.