Трамп төмөн рейтингине жооп кайтарды: Биз мыкты иштеп жатабыз

Трамп төмөн рейтингине жооп кайтарды: Биз мыкты иштеп жатабыз

Дональд Трамп Truth Social тармагында акыркы сурамжылоолорго жооп берип, аларды “фейк” деп атады. “Fake News” сурамжылоолору, жаңылыктардын өзү сыяктуу, жасалма! Биз эң сонун иштеп жатабыз, мурдагыдан да жакшы”,-деп жазды Дональд Трамп өз постунда.
АКШ медиасы тараткан маалыматтарга ылайык, Трамптын колдоосу 100 күндүк президенттик мөөнөтүнүн алдында төмөндөп жатат. ABC News маалымдагандай, америкалыктардын болгону 39 пайызы анын ишине оң баа берсе, CNN анын рейтингин акыркы 70 жылдагы эң төмөн деп мүнөздөдү. The New York Times менен Siena College жүргүзгөн сурамжылоодо көпчүлүк америкалыктар Трамптын саясатын “коркунучтуу” деп баалашкан. Ошондой эле, АКШ жарандарынын 64 пайызы Трамп киргизген импорттук бажы төлөмдөрүн жактырбай турганын билдиришкен.