УКМК Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерин кылтакка илип, алардын өсүмдүк жана синтетикалык баңги заттарды сатып жүрүшкөнүн аныкташканын маалымдашты.
Белгилүү болгондой, милициянын капитаны Б.Д.М., милициянын лейтенанты Г.М.Б. 29-апрель күнү кылмыш жасоо учурунда кармалышкан.
Натыйжада, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына (Г.М.Б.) Бишкек шаарынын №1 тергөө абагын бойлоду.
КР УКМК тарабынан КР Ички иштер органдарынын абийирсиз кызматкерлерин аныктоого багытталган тиешелүү иштер улантылууда.