Лавров: Жеңиш күнүндө ок атышууну токтотуу түз сүйлөшүүлөрдүн башталышы

Лавров: Жеңиш күнүндө ок атышууну токтотуу түз сүйлөшүүлөрдүн башталышы

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Путиндин 8–10-май күндөрү ок атышууну токтотуу сунушун «түз сүйлөшүүлөрдүн башталышы» деп билдирди.
«Президент Путин айткан биздин сунуш бул алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдүн башталышы»,-деди Сергей Лавров БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын жыйынтыгында сүйлөгөн сөзүндө.
Киевде болсо, Москва чынында эле тынчтыкты кааласа, ок атууну дароо токтотушу керек деп айтышууда. Ак сарай үч күндүк убактылуу ок атышпоо сунушун «абсурд» деп атады.