“Казакстанда ким кайсы тилди сүйлөсө, өзүнүн эрки. Эч кимдин кайсы бир тилди таңуулоого акысы жок”,- деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Ал кечээ “Биримдик менен келишим жолундагы 30 жыл” деп аталган Казакстан калктар ассамблеясынын жыйынына катышты. Бул багыттагы бардык провакациялык аракеттер өлкөдө ынтымакты кетирип, дестабилдүүлүккө алып келээрин, мындай жолго баргандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертти.