Индия 24 сааттын ичинде Пакистанга сокку урабы?

Индия 24 сааттын ичинде Пакистанга сокку урабы?

Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар Индия алдыдагы 24–36 саат ичинде Пакистанга аскердик сокку урууну пландап жатат деп билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазды. Анын айтымында, чабуулга шылтоо катары Пахалгамдагы окуя колдонулушу мүмкүн. «Кандай гана агрессия болбосун, кескин жооп менен тосулат. Региондогу бардык оор кесепеттер үчүн Индия толук жоопкерчилик тартат!»,-деди ал.