Индиянын премьер-министри Нарендра Моди коопсуздук маселелери боюнча жыйында Индиянын куралдуу күчтөрүнө Кашмирде болгон терактка жооп кайтарууда “жолун, максатын жана убактысын тандоодо толук оперативдүү эркиндик” берилгенин билдирди.
Коопсуздук боюнча жыйында сүйлөгөн Моди өз өлкөсү терроризмге каршы “сокку ура турган даярдыкта” экенин айтты. Ал куралдуу күчтөрдүн профессионалдык жөндөмдүүлүгүнө терең ишенээрин белгиледи.
