Депутаттар “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоп беришти.
Ага 76 депутат “макул”, бир депутат “каршы” добушун берген.
Мыйзам долбоору боюнча, эми өлкөдө 30 шайлоо округу түзүлөт. Ар бир округда үчтөн депутат шайланып, анын бирөө аял киши болууга тийиш.
Шайлоо учурунда шайлоочу бир эле талапкерге добуш берүү укугу бар.
Талапкер болсо, катталып жатканда 300 миң сом күрөө төлөсө, саясий партиялар 9 млн сом төлөйт.
Жаран же, партия БШКга күрөөнү төлөгөндөн кийин расмий түрдө катталды болуп эсептелет.
Күрөө коюлган акча саясий партияларга да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да кайра берилбейт жана шайлоодон уткан убакта дагы кайтарылбайт.
Өзүн өзү көрсөткөн талапкердин шайлоо фонду 20 млн, саясий партиялардыкы 300 млн сомго көбөйтүлдү. Талапкерлер үгүтчүлөрдүн санын 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтө алышат.
Эгер депутат мандатын тапшырса, ошол округда кайра шайлоо өтпөйт. Мурдагы шайлоодо көп добуш алган талапкер депутат болуп катталат.