Жогорку Кеңештин төрага орун басарлык кызматына “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жылдыз Садырбаева шайланды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 76 депутат “макул”, 2 депутат “каршы” добуш берди. Ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон.
Эске салсак, жакында эле Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кеткен.