АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттер менен болгон маегинде тамашалап, өзү жаңы Рим Папасы болгусу келерин айтты. Ошондой эле бул кызматка талапкерлер боюнча башка тандоосу жок экенин белгиледи.
Журналисттин “Сиздин оюңузча, ким жаңы Рим Папасы болушу керек?” деген суроосуна АКШ президенти тамаша менен жооп берип, бул кызматка өзү баргысы келерин айткан.
“Мен Рим Папасы болгум келет. Бул менин биринчи тандоом болмок”,-деп Трамп жылмайып жооп берген.
Андан кийин ал католик чиркөөсүнүн башчылыгына мүмкүн болгон талапкерлер боюнча өзгөчө тандоосу жок экенин кошумчалаган.
