Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлери 100 миң сомдон алышат

Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлери 100 миң сомдон алышат

Улуу ата-мекендик согуштун катышуучулары канча сом сый акы алышаары белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, алардын ар бири 100 миң сомдон бир жолку  сый акы алышат. Социалдык коргоо министринин маалыматы боюнча, Улуу ата-мекендик согушка катышкан, блокададан жана туткундан аман калгандар болуп, жалпысы 32 ветеран бар.

Алардын ичинен согушка катышкан ветерандары 14.

Жайыл районунда – 3 адам

Бишкектин Биринчи Май районунда – 3 адам

Бишкектин Октябрь районунда – 3 адам

Аламүдүн районунда – 1 адам

Ат-Башы районунда – 1 адам

Сузак районунда – 1 адам

Базар-Коргон районунда – 1 адам

Ноокен районунда – 1 адам