АКШ президенти Дональд Трамп Канаданын мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо күнү Truth Social тармагында Канаданы АКШнын 51-штаты кылуу сунушун дагы бир жолу айтты.
Ал Канада АКШга кошулса, салык эки эсеге азайып, аскер күчү бекемдеп, унаа, болот, алюминий, жыгач жана энергетика тармактарындагы өнөр жай төрт эсеге өсөрүн белгиледи. Ошондой эле Трамп эски жасалма чек аралардын кереги жок экенин айтты.
Анын сөзүнө караганда, Канада АКШнын курамына кирсе, эч кандай кемчилик болбойт.
Буга чейин да Трамп Канаданы АКШга кошулуу сунушун айткан. Өткөн жылы Трюдо менен жолугушууда бул идеяны тамаша менен айтса, кийинки маектеринде бул сунушту олуттуу түрдө билдирген.
