Путин Жеңиштин урматына ок атышууну токтотууну жарыялады

Путин Жеңиштин урматына ок атышууну токтотууну жарыялады

Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгы күндөрү Украина менен ок атышууну токтотуу тууралуу жарыя кылды. Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, Россия армиясы бардык аскердик аракеттерди Москва убактысы боюнча 7-майдан 8-майга караган түнү саат 00:00дөн баштап, 10-майдан 11-майга караган түнү саат 00:00гө чейин токтотот. Бул чечим «гуманитардык себептерден улам» кабыл алынганы айтылууда.
«Россия украин тарап да бул үлгүнү карманып, ок атышууну токтотушу керек деп эсептейт»,-деп айтылат президентинин билдирүүсүндө. Эгерде ок атышуу токтотуу режими бузулса, Россия армиясы «адекваттуу жана натыйжалуу жооп берет»,-деп кошумчалады мамлекет башчы.
Мындан тышкары, билдирүүдө «Россия тарап алдын ала шартсыз тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин жана украин кризисинин негизги себептерин жоюуга, эл аралык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташууга даяр экенин дагы бир жолу билдирет»,-деп белгиленет.