Порттогу жарылуудан каза болгондордун саны 70ке жетти

Порттогу жарылуудан каза болгондордун саны 70ке жетти

Иран бийлиги түштүктөгү Шахид-Раджаи портундагы жарылууда каза болгондордун санын тактады. Акыркы маалыматтарга ылайык, 70 адам көз жумду.
Ирандын ички иштер министри Искандар Момени 28-апрелдин кечинде жарылуу болгон жерде чыккан өрт өчүрүлгөнүн маалымдады.
Ирандын эң чоң контейнердик порту болгон Шахид-Раджаиде жарылуу ишемби күнү, 26-апрелде болгон. Анда жанаша жайгашкан эки имарат кыйрап, башка жүктөрдү сактаган контейнерлер да жабыркаган. Мындан тышкары, миңден ашуун адам жаракат алган.
Ирандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, жарылуунун себеби коопсуздук чараларынын сакталбагандыгы жана этиятсыздык болгон.