Пакистан Индияны кол салат деп эсептейт

Пакистан Индияны кол салат деп эсептейт

Пакистандын  коргоо министри Хаваджа Мухаммад Асиф Reuters агенттигине билдиргендей, Индиянын Пакистанга аскердик чабуулу сөзсүз болот. Ал буга далил келтирген эмес, бирок Пакистан күчтөрүн чыңдап, стратегиялык чечимдер кабыл алганын белгиледи.
Асиф буга чейин Пакистан Индия менен согушууну каалабай турганын билдирген. Бирок  Индия тараптан чабуул коркунучу бар экенин аскерлер маалымдаган.
Министр өлкө жогорку даярдыкта экенин, өзөктүк куралды мамлекетке түз коркунуч болгондо гана колдонорун айтты.
Индия менен Пакистан ортосундагы чыңалуу 22-апрелде Жамму жана Кашмирде 26 адам каза тапкан терактан кийин күчөгөн. Индия Пакистанды айыптап, Пакистан бул дооматты четке кагып, көз карандысыз тергөө талап кылууда.