Орусиядан Кыргызстанга ЗРК С-300 ПС зениттик ракеталык комплекси келгенин Коопсуздук Кеңешинин башчысы Марат Иманкулов маалымдады. Бул курал алгачкы жолу Бишкекте өтө турган Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу парадда көрсөтүлөт.
2021-жылы Садыр Жапаровдун Орусияга болгон расмий иш сапары учурунда абадан коргонуу боюнча келишимге жетишилген. Келишим 2023-жылы күчүнө кирген.
Марат Иманкулов мындай комплекстен канча даана келгенин айткан жок.
Белгилүү болгондой, 2023-жылы Орусия зениттик ракеталык комплекстен 8 даана Тажикстанга да берген.