Лицензиянын баасы белгилүү болду

Лицензиянын баасы белгилүү болду

Кыргызстандын курулуш жана архитектура министри Нурдан Орунтаев кызыл кулактардын торуна чалынбай эле лицензияны өзү жетектеген министрликтен алууга болоорун билдирди.

“Азыр дале болсо, мурда алынган лицензияларды 200-300 миң долларга сатып жатышат. Эгерде кимдир бирөөгө лицензия керек болсо, 6 гана документ тапшырып, 17.200 доллар төлөсөңүз, эч кандай бюрократия жок эле 10 күндүн ичинде лицензияңызды аласыз. Ал эми 17.200 доллар мамлекеттин эсебине которулат”,- деди министр.

Былтыр 800гө жакын курулуш компанияларынын лицензиялары токтотулган. Нурдан Орунтаев чет элдиктерди алдап, лицензия саткандар боюнча укук коргоо органдарына кайрылышаарын маалымдады.