Испанияда электр энергиясы толук калыбына келди

Испанияда электр энергиясы толук калыбына келди

Испанияда болгон ири өчүрүүдөн кийин электр жабдуусу 99,16 пайыз калыбына келди. Бул тууралуу улуттук энергетикалык оператор Red Electrica социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
Маалыматка ылайык, 100 пайыз электр берүүчү подстанциялар ишке кошулду.  28-апрелде болгон тарыхтагы эң чоң өчүрүү Испания, Португалия жана Франциядагы бир нече шаарларды жарыксыз калтырган.
Испанияда үч аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, коопсуздукту 30 миң полиция кызматкери камсыздады.
Авариянын так себеби али белгисиз. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү алдын ала божомол катары айтылууда . Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта мунун киберчабуулга байланыштуу экенин тастыктаган далилдер жок экенин билдирди.