Зеленский Путиндин Жеңиш күнүндө ок атышпоо жөнүндө билдирүүсүнө жооп берди

Зеленский Путиндин Жеңиш күнүндө ок атышпоо жөнүндө билдирүүсүнө жооп берди

Украина президенти Владимир Зеленский Россия президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнүндө ок атышпоо режими тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал ок атууну дароо токтотууну сунуштады.
Зеленский Путиндин сунушун «кезектеги манипуляция аракети» деп атап, ок атышууну токтотуу үчүн дагы бир жарым жума күтүүнүн эмне кереги бар экенине таң калганын билдирди. Ал «Путинге парад учурунда тынчтык камсыз кылуу» үчүн гана ушундай убактылуу токтотуу сунушталып жатканын белгиледи.
«Биз адамдардын өмүрүн параддардан жогору коёбуз. Ошондуктан биз жана дүйнө  8-майга чейин күтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейбиз. Ок атышуу бир нече күнгө гана эмес, кайра улантуу үчүн эмес, толугу менен жана дароо токтотулушу керек. Ок атышпоо жок дегенде 30 күнгө созулушу зарыл. Бул чыныгы дипломатия үчүн ишенимдүү негиз боло алат»,-деди Зеленский кечки кайрылуусунда.