Бишкек шаарындагы Ош базар көчкөндөн кийин анын орду боюнча эки сунуш айтылууда.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базардын ордун жапжашыл паркка айландырып салуу же, бир бөлүгүн туристтер үчүн атайын аймак кылуу керек деп эсептейт.
“Атайын маданий жайга айландырып койсок, туристтер карап, кыдырып чыга турган жер болот”,- деген.
Эгер туристтик жайга айланса, ал жерде улутубузга таандык буюм, тайымдар көрсөтүлүп, сувенирлер жана мөмө-жемиштер сатыла турган дүкөндөр пайда болот.